Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 17-апрели № 84
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
VI глава төмөнкүдөй мазмундагы 43-1-берене менен толукталсын:
"43-1-берене. Мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештеринин финансылык жана башка материалдык каражаттарды тартуусу
Мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын (мындан ары - билим берүү уюмдары) камкорчулук кеңештери гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн жана кайрымдуулуктарынан, башка түшүүлөрдөн түзүлгөн финансылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тартышы мүмкүн.
Билим берүү уюмунун ишин камсыз кылуу, өнүктүрүү жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн камкорчулук кеңеши донорлорду (инвесторлорду, меценаттарды), финансылык жана башка материалдык каражаттарды издөөнү жана тартууну жүзөгө ашырат жана бул тууралуу андан ары келип түшкөн финансылык жана башка материалдык каражаттар, аларды сарптоо тууралуу милдеттүү отчет менен жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет-сайттарына жана башка жолдор аркылуу жарыялоого укуктуу.
Билим берүү уюмуна финансылык жана башка материалдык жардам көрсөтүүлөр тууралуу окуучулардын ата-энелери үчүн кайрылуу маалыматтары, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчеттор билим берүү уюмдарынын көрүнүктүү жана жалпыга жеткиликтүү жерлерине жайгаштырылышы керек.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардан, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп саналган ата-энелерден (мыйзамдуу өкүлдөрдөн) же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар ата-энелерден (мыйзамдуу өкүлдөрдөн), ошондой эле жетим балдардан жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) камкордугусуз калган балдардан финансы каражаттарын чогултууга тыюу салынат.
Камкорчулук кеңеши тарабынан билим берүү уюму үчүн тартылган финансылык каражаттар атайын казыналык эсепке чегерилет жана билим берүү уюмунун камкорчулук кеңешинин чечими менен максаттуу арналыш боюнча пайдаланылат.
Камкорчулук кеңешинин төрагасы келип түшкөн финансылык жана материалдык каражаттар жана аларды сарптоо тууралуу отчетторду бербегени үчүн жоопкерчилик тартат.
Билим берүү уюмунун кызматчылары (жетекчиси, педагогикалык кызматчылар жана башкалар) өз мекемеси үчүн окуучулардан жана алардын ата-энелеринен (мыйзамдуу өкүлдөрүнөн) финансылык жана башка материалдык жардамдарды көрсөтүүнү талап кылууга укуксуз.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |