КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 20-апрели № 86
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 92-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-бөлүктөр менен толукталсын:
"Унду байытуунун эрежелерин бузуу, байытылбаган унду саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо мекемелерине жана башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жөнөтүү, байытылбаган унду сатып өткөрүү -
юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге эреже бузууларды четтетүүгө чейин ун сатууну токтотуп туруу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Унду байытуунун эрежелеринин сакталышына, байытылбаган унду жөнөтүүгө, сатып өткөрүүгө талаптагыдай эмес контроль -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Администрациялык жаза чараларды колдонулгандан кийин кайталанып жасалган ошол эле аракет -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Кыргыз Республикасынын рыногунда унду байытуу үчүн атайын тамак-аш ингредиенттеринин (кошулмалардын) жоктугу жактарды ушул статьянын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрү боюнча администрациялык жоопкерчиликтен бошотот.".
2. 506-статьянын 2-пунктунда "шаардык, райондук" деген сөздөр "жергиликтүү" деген сөз алмаштырылсын.
3. 509-беренеде "райондук, шаардык мамлекеттик администрациялардын" деген сөздөр "жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |