Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 23-апрели № 88
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренеде:
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же жалпы жарандык паспорту;";
жыйырма үчүнчү абзацта "түзүлгөн" деген сөз "электрондук жана кагаз түрүндө түзүлүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын; "тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан" деген сөздөр алып салынсын;
жыйырма төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы - отуз биринчи абзацтар менен толукталсын:
"оператор - добуш берүү күнү шайлоо участогунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адиси;
автоматтык эсептөөчү урна - шайлоочулардын добуштарын автоматтык саноого арналган түзүлүш;
туруктуу орнотулган үкөк - добуш берүү үчүн тунук урна;
добуш берүү үчүн үкөктөр - автоматтык эсептөөчү урналар же туруктуу орнотулган үкөктөр;
добуш берүү үчүн көчмө үкөк - шайлоочунун добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүсү үчүн арналган үкөк;
бузулуу - автоматтык эсептөөчү урнанын ишке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугу.".
2. 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Жарандар ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоодо шайлоого жана шайланууга өз укуктарын ишке ашырышат.".
3. 14-беренеде:
2-бөлүгү "жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон" деген сөздөрдөн кийин "жана мыйзамдар менен белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн" деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Шайлоочулардын тизмесин түзүү шайлоо участокторунун чек араларын эске алуу менен Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган жекече маалыматтардын (анын ичинде биометрикалык) негизинде жүргүзүлөт.
Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.";
4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Шайлоочулардын тизмеси шайлоочуларды эсепке алуу тутумун пайдалануу менен шайлоочулардын маалыматтарынын - алардын биометрикалык жана жекече маалыматтарынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.";
5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында болгон шайлоочулар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тиешелүү шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.";
6-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук эсепке турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар тууралуу маалыматтар тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күндөн кечиктирилбестен, тышкы иштер маселелерин алып баруучу мамлекеттик орган аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.";
6-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Борбордук шайлоо комиссиясы" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган'' деген сөздөргө алмаштырылсын;
7 жана 8-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Ар бир шайлоо участогу боюнча түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күн калганда Борбордук шайлоо комиссиясына электрондук түрдө берилет. Шайлоочулардын тизмесин электрондук түрдө берүү электрондук документ жана электрондук санариптик кол коюу жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин алган учурдан тартып токтоосуз аны ачат жана тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берет.
Участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен тизмелерди тааныштыруу үчүн илет.
8. Участкалык шайлоо комиссияларына берилген шайлоочулардын тизмелери бир эле мезгилде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан участоктордун, райондордун жана шаарлардын чектеринде жалпылаштырылат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына шайлоочунун туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган орду, туулган жылы жөнүндө маалыматтарды көрсөтпөстөн, таанышуу үчүн жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү тактоо, тизмелердеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн жайгаштырылат.
Расмий сайттарга жайгаштырылган шайлоочулардын тизмеси маалыматтардын келип түшүүсүнө жараша туруктуу жаңыланып турууга жатат.";
9, 10 жана 11-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 15-беренеде:
1 жана 2-бөлүктөрдөгү "40" жана "30" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "45" жана "40" деген цифраларга алмаштырылсын;
3, 4, 5-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ар бир шайлоочу өзүнүн шайлоочулардын тизмесинде жок экени, андагы кандай гана болбосун ката же так эместиктер жөнүндө добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен аларды тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу. Ушул арыз участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна токтоосуз жиберилет.
Шайлоочунун ушул арызына жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каталарды же так эместиктерди оңдоолор шайлоочулардын тизмесине киргизилген күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочуга жиберет.
Шайлоочуда биометрикалык маалыматтар болбогон учурда, шайлоочу биометрикалык каттоодон өтүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
4. Ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID картасынын), ал эми Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жашаган же чыгып кеткен адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен белгиленген үлгүдөгү арызды тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү жолу менен шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө билдирүүгө укуктуу.
Ушул арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз берилет, ал шайлоочуну шайлоо дареги боюнча шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизүүгө жана аны шайлоо дареги боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизген күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен бул жөнүндө шайлоочуга кабарлоого милдеттүү.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн калганда шайлоочулардын тизмесинде алардын жок экени жөнүндө, андагы каталар же так эместиктер тууралуу, шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниети жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.
Арыздарды иштеп чыккандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоо участокторунун чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмесин түзөт жана добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен аны Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин токтоосуз ачат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын номур коюлган, көктөлгөн жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын тизмесин (мындан ары - шайлоочулардын кагаздагы тизмеси) добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен аларды тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, өткөрүп берүү, шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, шайлоочулардын тизмесинде жок экени тууралуу шайлоочулардын арыздарын кароо, андагы каталар же так эместиктер тууралуу, шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө, добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо тууралуу маселелери боюнча, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара аракеттенүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.".
5. 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-берене. Шайлоочуларды мамлекеттик эсепке алуу
1. Шайлоочуларды мамлекеттик эсепке алуу Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби мыйзамдар менен жөнгө салынат.".
6. 18-беренин 6-бөлүгүндөгү "сот" деген сөз алып салынсын.
7. 29-беренеде:
2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "жазуу буюмдары" деген сөздөрдөн кийин ", мониторлор, башка зарыл жабдуу" деген сөздөр менен толукталсын; "калемдерди кошпогондо," жана "(шариктүү сыя калемдер)" деген сөздөр алып салынсын;
4-бөлүгү "кабиналар" деген сөздөн кийин ", мониторлор, башка зарыл жабдуу" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 30-беренеде:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-бөлүгүндөгү "20" деген цифралар "25" деген цифраларга алмаштырылсын;
9-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Шайлоо бюллетендерине участкалык шайлоо комиссиясынын тиешелүү мөөрүн коюу менен участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы кол коет.".
9. 31-беренеде:
1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы "19" деген цифралар "20" деген цифраларга алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандардын идентификациясын оператор менен биргелешип жүргүзүү;";
- төртүнчү абзацындагы "шайлоочулардын" деген сөздөн кийин "кагаздагы" деген сөз менен толукталсын;
- бешинчи абзацындагы "шайлоочуларды көрүнүп туруучу атайын курам менен белгилөөчү (маркировкалоочу) жана" деген сөздөр алып салынсын;
- алтынчы абзацындагы "бүктөлгөн түрдө" деген сөздөр алып салынсын;
- сегизинчи абзацындагы "шайлоочулардын тизмесин алып чыгат, шайлоочулардын тизмесине киргизилген санды жарыялайт, катышып турган адамдарга аны көрүп таанышууга мүмкүндүк берет" деген сөздөр "шайлоочулардын кагаздагы тизмесин, шайлоочулардын электрондук тизмеси менен башка зарыл жабдууну алып чыгат, шайлоочулардын тизмесине киргизилген санды жарыялайт, өзү көрүп таанышууга жана кагаздагы жана электрондук тизмелерди салыштырууга мүмкүндүк берет" деген сөздөргө алмаштырылсын; "шайлоочулардын" деген сөздөн кийин "кагаздагы" деген сөз менен толукталсын;
2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Добуш берүү үчүн жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоону операторлор менен биргелешип жүргүзөт.
Шайлоочунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.
Мында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар үчүн көрүнүктүү жерге илинген монитордо төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат:
- бул шайлоо участогунда шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;
- бул шайлоо участогунда ошол учурда добуш берген шайлоочулардын саны;
- жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган башка маалыматтар.
Шайлоочуну идентификациялагандан кийин чек чыгарылат. Чек шайлоочу тарабынан чекке добуш берүү бюллетенин алмашып берген участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берилет.
3. Чүчү кулак менен аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо бюллетендерин берүүдө шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттайт. Шайлоочу бюллетенди алгандыгы жөнүндө ага кол коет.";
5-бөлүгүндөгү "паспортун же" деген сөздөр алып салынсын;
6-бөлүгүндөгү "тизмесине" деген сөз "кагаздагы тизмесине" деген сөздөргө алмаштырылсын; "паспортунун же анын" деген сөздөр алып салынсын;
11-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү "жана бүктөлгөн" деген сөздөр алып салынсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 15-бөлүк менен толукталсын:
"15. Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык шайлоо комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктү пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулгандыгынын натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда, аларды добуш берүү күнүнүн ичинде добуш берүү үчүн пайдаланууну улантууга жол берилбейт.".
10. 32-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
11. 33-беренеде:
2-бөлүгүндө:
- биринчи сүйлөмүндөгү "же оозеки кайрылуусунун (анын ичинде башка адамдардын жардамы менен берилген)" деген сөздөр "кайрылуусунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи сүйлөмүндөгү "(кайрылуусу)" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү сүйлөмүндөгү "(кайрылууларды)" деген сөздөр алып салынсын;
- бешинчи сүйлөмү алып салынсын;
3-бөлүгү "участкалык шайлоо комиссиясынын" деген сөздөрдөн мурда "оператор менен биргелешип" деген сөздөр менен толукталсын;
4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.";
6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочуга келгенден кийин анын биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча идентификациялоону оператор менен биргелешип жүргүзөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага шайлоо бюллетенин берет. Шайлоочулардын кагаздагы тизмесиндеги шайлоо бюллетенин алууда шайлоочунун инсандыгын ырастаган документинин сериясы жана номуру коюлат. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочунун кагаздагы тизмесине кол коет.".
12. 35-беренеде:
2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы ", шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрүн" деген сөздөр алып салынсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы ", жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын" деген сөздөр алып салынсын;
5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны чектерди саноо жолу менен кошумча текшерилет.
Шайлоочулардын тизмеси менен иш жүргүзүлгөндөн кийин шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө акт түзүлөт. Төраганын колтамгасы жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн актынын көчүрмөсү катышкан талапкерге, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет, андан кийин маалыматтар чоңойтулган тариздеги протоколго киргизилет.";
6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Көчмө үкөктөн алынган шайлоо бюллетендери добуш берүү үчүн үкөктөргө салынат.";
8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Автоматтык эсептөөчү түзүлүштөрдү колдонгон учурда шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялайт, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго тиркелет жана участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышкан мүчөлөрүнө, саясий партиялардын талапкерлеринин өкүлдөрүнө, байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жарыя кылынат.
Автоматтык эсептөөчү урналар добуш берүүнүн бүткүл мезгилинде добуш берүүнүн купуялуулугунун ачылышына жол бербөөгө жана зымдуу жана зымсыз тарамдарга кошулбоого тийиш. Автоматтык эсептөөчү урналардан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды алуу шайлоо күнү саат 20дан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендерин саноонун башталгандыгы жөнүндө жарыялайт, мөөрдүн (пломбанын) бузулбагандыгын көрсөтөт жана добуш берүү үчүн үкөктөрдү ачат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, эртең менен добуш берүү үчүн үкөктөргө мөөр басууга катышкан башка адамдардын колдору коюлган контролдоо барактарын алып чыгышат. Участоктук шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдоо барактарын көрсөтөт.
Шайлоо бюллетендери добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алып чыгарылгандан кийин эсептелет жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго натыйжалары жазылат.
Добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алынган шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санына дал келүүгө же болбосо андан аз болууга тийиш. Эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдө шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санынан көп болсо, анда участкалык шайлоо комиссиясы себептерин табуу жана четтетүү боюнча чараларды көрөт.
Эгерде себептери табылгандан жана четтетилгенден кийин анык шайлоо бюллетендеринин саны добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоочуларга берилген бюллетендердин санынан көп болсо, добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү бардык шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен анык эмес деп таанылат жана төмөнкү жактагы оң бурчун кесип салуу жолу менен жокко чыгарылат.";
14-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Автоматтык эсептөөчү урналардагы маалыматтар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары добуш берүүнү кол менен эсептөөнүн маалыматтары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарына дал келбеген учурда, талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун добуштарды кайра эсептөөнү жүргүзүү талабы боюнча талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусунда жана алар тараптан көрүп туруп көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берүү менен шайлоо бюллетендери кайра эсептелет.";
14-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн натыйжалары боюнча белгиленет.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 23-бөлүк менен толукталсын:
"23. Ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат жана участкалык шайлоо комиссиясынын кире беришиндеги дубалдарга илинет.".
13. 37-беренеде:
3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жана добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алынып чыккан белгиленген тариздеги шайлоо бюллетендеринин саны" деген сөздөр алып салынсын;
4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылса.".
14. 41-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы "партиянын" деген сөздөн кийин "мыйзамдын талаптарын эске алуу менен түзүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын.
15. 43-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын жарандардын шайлоо укуктарын, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык прокуратура органдарына, ички иштер органдарына, шайлоо комиссияларына же сотко даттанылышы мүмкүн.
Мында, мыйзамдарга ылайык администрациялык же жазык жоопкерчилиги каралган, ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, ички иштер органдары коомдук тартиптин бузулгандыгына тиешелүү арыздарды (даттанууларды), ошондой эле шайлоо процессинин катышуучуларынын аракеттерине болгон арыздарды кароо боюнча иштерди жүргүзөт.
Прокуратура органдары аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат, ошондой эле мыйзамдарга ылайык администрациялык жана жазык жоопкерчилиги каралган алардын аракеттерине арыздарды (даттанууларды) карайт.
Мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде администрациялык жоопкерчилик каралган ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, шайлоо комиссиялары шайлоо процессинин катышуучуларынын аракеттерине арыздарды мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде карайт.
Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.".
16. 44-беренеде:
1-бөлүгүндөгү "же сотко" деген сөздөр ", Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) сотко" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүндө:
- биринчи абзацындагы "ошондой эле шайлоо комиссиялары" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4 жана 5-бөлүктөрүндөгү "же биринчи инстанциядагы сотко" деген сөздөр алып салынсын;
11-бөлүгүндөгү "тиешелүү шайлоо комиссиянын" деген сөздөр "Борбордук шайлоо комиссиясынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. 60-берененин 3-бөлүгүндө:
үчүнчү жана төртүнчү абзацтарындагы "адамдардын" деген сөз "талапкерлердин" деген сөзгө алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы "жарандардын" деген сөз "талапкерлердин" деген сөзгө алмаштырылсын.
18. 61-берененин 2-бөлүгүндө:
биринчи абзацындагы "беш миң эселенген" деген сөздөр "элүү миң эселенген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо тутумун өркүндөтүүгө максаттуу багыттоо менен пайдаланылат.".
19. 62-беренеде:
2-бөлүгүндө:
- 1-пункттагы "5000" деген цифралар "15000" деген цифраларга алмаштырылсын:
- 2-пункттагы "200000" деген цифралар "1000000" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "1000" деген цифралар "2000" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 4-пункттагы "5000" деген цифралар "30000" деген цифраларга алмаштырылсын;
- расмий тилдеги экинчи абзацындагы "1000000" деген цифралар "5000000" деген цифраларга алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги 3-бөлүгүндөгү "3." деген цифра алып салынсын; "1000000" деген цифралар "5000000" деген цифраларга алмаштырылсын.
20. 65-беренеде:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакциядагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен алып салуу жөнүндө чечим кабыл алат.";
4-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "кетип калышы" деген сөздөр "ыйгарым укуктарын токтотушу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 24-апрелинде № 35-36 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо, уюштуруу, өткөрүү маселелерин, талаш-тартыш жана башка маселелерди регламенттеген мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар ушул конституциялык Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат,
Ушул конституциялык Мыйзамдын 5-пунктунун төртүнчү абзацынын жоболору тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизгенден кийин күчүнө кирет.
Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн жарандарды 2015-жылдын 1-майынан тартып жана 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолор күнүнө чейин 55 календардык күн калганга чейинки мезгилде консулдук эсепке коюуда консулдук жыйымдардан бошотуу боюнча чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |