Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 14-майы № 95
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 489-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүндө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин кайталап жасалган ошол эле аракеттер, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында:
үчүнчү абзац "422" деген цифралардан кийин ", 489" деген цифралар менен толукталсын;
он төртүнчү абзац "180" деген цифралардан кийин ", 489" деген цифралар менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |