Редакцияот 16.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 16-майы № 99

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

5-берененин 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарнак ушул басылма чыгарылган тилде, ошондой эле жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча кошумча башка тилдерде да жайылтылат.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 22-майында № 46-47 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев