МыйзамКүчүндө

КР 2015-жылдын 18-майындагы № 104 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы

Редакция18.05.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 18-майы № 104

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21- жана 22-пункттар менен толукталсын:

"21) белгиленген талаптарды аныктоого жана алардын андан ары сакталышына контролдук кылууга, анын ичинде сырткы видеобайкоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иштерди координациялоого, ошондой эле сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдылган объекттердин реестрин жүргүзүүгө;

22) сырткы видеобайкоо тутумун орнотууда ракурс жана көрүнүп туруу бурчун макулдашууга.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 22-майында № 46-47 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев