Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 19-майы № 105
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 213-5-статьяда:
статьянын аталышындагы жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "нормаларын" деген сөз "параметрлерин" деген сөз менен алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Эгерде бул ири өлчөмдүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташуу талаптарын бузууга алып келсе, жүк жөнөтүүчү тарабынан жүктүн массасы жана өлчөмдөрү жөнүндө туура эмес маалыматтарды берүү, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 213-6-статьяда:
статьянын аталышы жана биринчи абзацы "Автобекеттер" деген сөздөн мурда "Юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац "кызмат адамдарына" деген сөздөрдөн мурда "жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө," деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 213-7 - 213-9-статьялар менен толукталсын:
"213-7-статья. Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан эмгек жана эс алуу режимин бузуу
Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда контролдоочу түзүлүштөрсүз (тахографсыз) же өчүрүлгөн тахографты колдонуу менен, ошого тете эле, толтурулбаган тахограммалар менен, же болбосо айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин чагылдыруучу каттоо баракчаларын жүргүзбөстөн жүк ташуучу транспорт каражатын же автобусту айдоо -
эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруучу жүк ташуучу автотранспорт каражатынын же автобустун айдоочусу тарабынан эмгек жана эс алуунун белгиленген режимин бузуу, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
213-8-статья. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген документтери жок автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташуу
Жол баракчасы, товардык-транспорттук коштомо кагазы же башка жүк коштоочу документтери жок автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташуу -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
213-9-статья. Жеңил таксилер тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуу эрежелерин бузуу
Жүргүнчү жана жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн пайдаланылган жеңил автомобилде жеңил таксини билдирген айырмалоочу белгилемелердин болбошу -
айдоочуга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Автобекеттер жана автостанциялардын аймактарынан тышкаркы жерлерден жүргүнчүлөрдү жеңил таксилер менен шаар аралык жана эл аралык каттамдарда ташуу (диспетчердик кызматтын буйрутмасы боюнча ташуудан тышкаркы) -
айдоочуга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
4. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 234-2 жана 234-3-статьялар менен толукталсын:
"234-2-статья. Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо
Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
234-3-статья. Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине автомобиль жана суу транспортунун субъекттеринин ишине мыйзамдуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу
Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине автомобиль жана суу транспортунун субъекттеринин ишине мыйзамдуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
5. 511-статьянын 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацы "212," цифраларынан кийин "213-9," цифралары менен толукталсын.
6. 516-статьяда:
1-бөлүктө:
- "213-1 - 213-6" цифралары "213-1 - 213-4, 213-6 - 213-8" цифралары менен алмаштырылсын;
- бөлүк "234," цифраларынан кийин "234-2, 234-3-статьяларында," деген цифралар жана сөз менен толукталсын;
2-бөлүктө:
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төртүнчү абзацтагы "облустук" деген сөз "башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"213-5-статьяда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жазаны колдонууга төмөнкүлөр укуктуу:
- салмак-габариттик параметрлердин сакталышын контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана орун басары;
- салмак-габариттик параметрлердин сакталышын контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык салмак-габариттик контролдоо пункттарынын начальниктери;
- салмак-габариттик параметрлердин сакталышын контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мобилдүү топторунун улук кызматкерлери.".
7. 564-статьянын 8-пунктчасы "режим бузулганда" деген сөздөрдөн кийин "жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан киргизилген администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду аткаруу үчүн" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 567-статьянын 4-бөлүгү "жол кыймылынын коопсуздугуна" деген сөздөрдөн кийин "жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоого" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 26-майында № 48-49 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |