Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 21-майы № 109
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8-берененин 2-бөлүгү "Лицензиялык талаптарга" деген сөздөрдөн кийин "экспорттук контролдоо боюнча талаптардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
2. 9-берененин 1-пунктунун "б" пунктчасы "карата" деген сөздөн кийин ", ошондой эле ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 33-35-пункттарында каралган лицензияларга жана 17-беренесинин 2, 12-14, 26, 27-1 жана 29-пункттарында каралган уруксаттарга карата" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 16-беренеде:
6-пунктунда "күйүүчү кычкылдандыруучу газдар жана" деген сөздөр алып салынсын;
7-пунктунда "химиялык коркунучтуу" деген сөздөр "таасири күчтүү уулуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 17-беренеде:
13-пунктунда ", сактоо" деген сөз алып салынсын;
27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27) өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды сактоо укугу;";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын:
"27-1) пиротехникалык буюмдарды сактоо укугу;";
28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28) Кыргыз Республикасынын аймагына пиротехникалык буюмдарды ташып келүү;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 26-майында № 48-49 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |