Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 21-майы № 113
1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу
1-берене.
1997-жылдын 18-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоодо жана импорттоодо кошумча нарктан салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашуу денонсациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Казакстан Республикасынын Өкмөтүнө ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн Макулдашуунун денонсацияланганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |