Редакцияот 21.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 21-майы № 114

1997-жылдын 11-июнунда Алматы шаарында кол коюлган Товарларды экспорттоодо жана импорттоодо акциз салыгын алуунун принциптери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо тууралуу

1-берене.

1997-жылдын 11-июнунда Алматы шаарында кол коюлган Товарларды экспорттоодо жана импорттоодо акциз салыгын алуунун принциптери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу денонсациялансын.

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Казакстан Республикасынын Өкмөтүнө ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн Макулдашуунун денонсацияланганы жөнүндө кабарласын.

 

3-берене.

Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев