КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 28-майы № 118
2014-жылдын 11-ноябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 11-ноябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркмөн тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 2-июнунда № 51 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |