Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 28-майы № 120
2014-жылдын 25-июнунда Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Ислам биримдигинин өнүктүрүү фондунун администрациясы катары) "Баткен областынын Лейлек районундагы Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2014-жылдын 25-июнунда Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы (Ислам биримдигинин өнүктүрүү фондунун администрациясы катары) "Баткен областынын Лейлек районундагы Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу" долбоору боюнча насыялык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ислам өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Насыялык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 2-июнунда № 51 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |