Загрузка документа…
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! КР 2022-жылдын 5-августундагы № 87 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет
КР 2022-жылдын 5-августундагы № 87 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 28-майы № 121
"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 311-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жаатындагы мыйзамдар
Баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жаатындагы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.".
2. 3-статьяда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Асыл таштар - сырьедогу жана (же) иштетилген түрдөгү табигый алмаздар, изумуруддар, рубиндер, сапфирлер, александридтер, ошондой эле чийки зат (табигый) жана иштетилген түрдөгү табигый бермет. Асыл таштарга кайталангыс янтардык заттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте теңештирилет.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Асыл таштарды экспертизалоо (идентификациялоо) - мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу классификаторлорго жана прейскуранттарга ылайык жана дүйнөлүк рыноктогу бааларды эске алуу менен асыл таштардын сапаттык-түстүк, сандык жана нарктык мүнөздөмөсүн аныктоо.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Атайын эсепке алуу - көрсөтүлгөн жактарды реестрге киргизүү үчүн жыйым алуу болжолдонбогон баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин реестрин жүргүзүү.".
3. 4-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар үчүн мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырат;
- зергердик жана баалуу металлдардан башка тиричилик буюмдарын сыноонун жана эн белги салуунун тартибин аныктайт.
Баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тууралуу жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
4. 9-статья "юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүргүзүлөт" деген сөздөрдөн мурда "Евразия экономикалык комиссиянын чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 10-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 11-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган зергер буюмдары (жана мындай буюмдардын сыныктары) менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу жактар тарабынан терроризмди каржылоого каршы аракеттер жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
7. 14-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Текшерүү акысынын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |