Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 28-майы № 122
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостору, 1998-ж., № 12, 505-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-статьяда:
жыйырма биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"камсыздандыруу брокери - тиешелүү лицензия алгандан кийин камсыздандырылуучунун же болбосо камсыздандыруучунун тапшырмаларынын негизинде өз атынан камсыздандыруу боюнча ортомчулук ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;";
статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:
"актуарий - актуардык ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензиясы бар жеке жак.".
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 9-1 жана 9-2-статьялар менен толукталсын:
"9-1-статья. Камсыздандыруу брокерлери
1. Камсыздандыруу брокерлери камсыздандырууга, кайра камсыздандырууга байланыштуу ишти тиешелүү лицензия алгандан кийин гана жүзөгө ашыра алат.
2. Камсыздандыруу брокеринин ишине, камсыздандыруу брокеринин уставдык капиталын түзүүгө, калыптандырууга карата коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын айрым иштин түрлөрүн лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген тиешелүү лицензия таанылгандан кийин чет өлкөлүк камсыздандыруу брокерлери Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашыра алышат.
9-2-статья. Актуардык иш
1. Актуарийдин милдети камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык туруктуулугунун жана төлөө жөндөмдүүлүгүнүн зарыл деңгээлин камсыз кылуу максатында камсыздандыруунун ыктыярдуу жана милдеттүү түрлөрү боюнча милдеттенмелеринин өлчөмдөрүн экономикалык-математикалык эсептөөлөрүн жүзөгө ашыруу болуп саналат.
2. Актуардык иш өзүнө төмөнкү кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт:
1) камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча камсыздандыруу тарифтерин эсептөөнүн методологиясын жана экономикалык негиздемелерин иштеп чыгуу;
2) актуардык эсептөөлөрдүн маселелери боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр;
3) камсыздандыруу резервдерин калыптандыруу усулдары жана булактары боюнча консультациялар жана сунуштамалар;
4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоого байланыштуу маселелер боюнча кызмат көрсөтүүлөр.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген, актуардык ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензиясы бар жана актуарийлердин өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмунун мүчөсү болуп саналган жеке жак актуарий катары чыгууга укуктуу.
4. Актуарий өзүнүн кесиптик ишин жүзөгө ашыруу мезгилинде мамлекеттик кызматта турууга укуксуз.
5. Актуардык иш ишкердиктин лицензиялануучу түрү болуп саналат. Актуардык ишти лицензиялоо Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Актуардык ишке карата коюлуучу талаптар камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 59 жана 60-пункттар менен толукталсын:
"59) камсыздандыруу брокеринин иши;
60) актуардык иш.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 2-июнунда № 51 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 28-майы № 122
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамына ылайык 2025-жылдын 3-ноябрынан тартып күчүн жоготот)
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 59 жана 60-пункттар менен толукталсын:
"59) камсыздандыруу брокеринин иши;
60) актуардык иш.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 2-июнунда № 51 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |