Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 8-июну № 124
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 54-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) юридикалык жактар тарабынан иш жүзүндө мамлекеттик бюджеттин пайдасына жүргүзүлгөн салыктык төлөмдөр жөнүндө.".
2. 167-беренеде:
34-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 44-пункт менен толукталсын:
"44) кайтарылуучу камсыздандыруу сыйлыктары жана төлөп берүүчү суммалар, ошондой эле ушул Кодекстин 165-беренесинин 1-бөлүгүнүн 18-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган жеке жак менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммалары жана ордун толтуруу.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |