Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 8-июну № 125
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Төрөгелди Балтагулов айыл аймагынын Кажар калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Төрөгелди Балтагулов айыл аймагынын Кажар айылы деп аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Мавлянов айыл аймагынын Таш-Жар жана Жаңгак калктуу конуштары айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Мавлянов айыл аймагынын Таш-Жар жана Жаңгак айылдары деп аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош областынын Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош областынын Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык айылы деп аталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Төрөгелди Балтагулов айыл аймагынын Кажар, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Мавлянов айыл аймагынын Таш-Жар жана Жаңгак, Кыргыз Республикасынын Ош областынын Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык жаңы түзүлгөн айылдарынын чек араларынын баяндалышы бекитилсин.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 12-июнунда № 54 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |