Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 9-июну № 126
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 4, 244-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 7-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) ноталар же каттар жана (же) алардын долбоорлору - эгерде кийин Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланууга жаткан мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишим эл аралык келишимди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен түзүү болжолдонгон учурда;".
2. 8-беренеде:
3-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Президент же өз компетенциясы боюнча Өкмөт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүк "Эл аралык келишимдин долбоорун" деген сөздөрдөн кийин "(Кыргыз Республикасынан нотанын же каттын долбоорун эгерде эл аралык келишимди эл аралык келишимди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен түзүү болжолдонгон учурда)" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 11-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 12-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн эл аралык келишимдин текстинин көчүрмөсү (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).
Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн ноталардын же каттардын көчүрмөлөрү - эгерде эл аралык келишим эл аралык келишимди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен түзүлгөн учурда;".
5. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-берене менен толукталсын:
"17-1-берене. Кошулуу жөнүндө грамота жана аны депозитарийге сактоого берүү
1. Эгерде бул Кыргыз Республикасы кошула турган мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдин жоболорунда каралса, ошондой эле ушул эл аралык келишимге кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын же болбосо Өкмөттүн токтомунун негизинде тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кошулуу жөнүндө грамота чыгарылат, ага Президент кол коет жана анын мөөрү, ал эми андан кийин - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин колу жана мөөрү менен бекитилет.
2. Эгерде бул Кыргыз Республикасы кошула турган мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдин жоболорунда каралса, ошондой эле ушул эл аралык келишимге кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын же болбосо Өкмөттүн токтомунун негизинде депозитарийге (депозитарийлерге) сактоого кошулуу жөнүндө грамотаны тапшыруу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же болбосо анын тапшырмасы боюнча эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан жүргүзүлөт.
3. Кошулуу жөнүндө грамоталарды эсепке алуу жана каттоо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.".
6. 18-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 38-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн эл аралык келишимдин көчүрмөсү (көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийлеринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү).
Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн ноталардын же каттардын көчүрмөлөрү - эгерде эл аралык келишим эл аралык келишимди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу жолу менен түзүлгөн учурда;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 16-июнунда № 55 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |