Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 10-июну № 127
1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене.
1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына төмөнкүдөй эскертме менен кошулсун:
"Конвенциянын 19-бөлүмүнүн "b" пунктунда (салык салуудан алып коюу) жана 20-бөлүмүндө (мамлекеттик милдеттерден бошотуу) айтылган артыкчылыктар жана иммунитеттер Кыргыз Республикасынын жарандарына карата колдонулбайт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу грамотаны ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн эскертме менен депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 16-июнунда № 55 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |