Редакцияот 13.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 13-июну № 129

2015-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы № 0407-КGZ (SF) Секторду өнүктүрүү программасын жана № 0408-КGZ (SF) Секторду өнүктүрүү долбоорун камтыган "Секторду өнүктүрүү программасы: билим берүү тутумун чыңдоо" Гранттык макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

2015-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы № 0407-КGZ (SF) Секторду өнүктүрүү программасын жана № 0408-KGZ (SF) Секторду өнүктүрүү долбоорун камтыган "Секторду өнүктүрүү программасы: билим берүү тутумун чыңдоо" гранттык макулдашуусу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор кыргыз тараптан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 19-июнунда № 56 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев