Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 23-июну № 135
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 316-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргызстандын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасы эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү шарттарын түзүү укугуна кепилдик берет.".
2. 4-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик тилдин иштеши башка тилдердин пайдаланылышына жолтоо болбойт.".
3. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдары үчүн окшош талаптар белгилениши мүмкүн.".
4. 11-статьяда төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Кыргыз Республикасында расмий мамлекеттик коомдук-саясий иш-чаралар (курултайлар, сессиялар, конференциялар, жыйналыштар, кеңешмелер, сүйлөшүүлөр жана башка иш-чаралар) мамлекеттик тилде, зарыл учурларда - расмий тилде өткөрүлөт жана синхрондук котормо менен камсыз кылынат.".
5. 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик уюмдарда жана ишканаларда иш кагаздары мамлекеттик тилде жүзөгө ашырылат, башка тилдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |