Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 8-июлу № 150
2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу, Арал-Казарман участогу (195-291 км) долбоорун каржылоо боюнча макулдашууларды ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Ратификациялансын:
- 2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кытайдын Кыргызстанга жеңилдетилген кредит берүүсү жөнүндө алкактык макулдашуу;
- 2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Зайымчы катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кредитор катары чыккан Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу, Арал-Казарман участогу (195-291 км) долбоору боюнча займ алуу жөнүндө Өкмөттүк концессиялык макулдашуу;
- 2015-жылдын 15-июнунда Жичжао шаарында кол коюлган Зайымчы катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кредитор катары чыккан Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу, Арал-Казарман участогу (195-291 км) долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашуу.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Алкактык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кытай тарапка кабарласын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Өкмөттүк концессиялык макулдашуунун жана Жеңилдетилген кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кытай тарапка кабарласын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 17-июлунда № 65 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |