Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 14-июлу № 154
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 8-главада:
68-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"68-статья. Жеке, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ишканалар жана уюмдар тарабынан белгиленген квоталардын эсебинен жарандарды жумушка алуудан негизсиз баш тартуу
Иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген квоталардын эсебинен жеке, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ишканаларга жана уюмдарга жиберилген жарандарды жумушка алуудан негизсиз баш тартуусу, -
иш берүүчүлөргө же иш берүүчүлөрдүн кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
иш берүүчүлөргө же иш берүүчүлөрдүн кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жана уюмдардын кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө алып келет.";
72-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "72-статья. Иш берүүчүнүн эмгек мыйзамдарын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө мыйзамдарды бузушу";
статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "ишке жалдоочу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "иш берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"Иш берүүчүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө мыйзамдарды бузушу:
- жумушка алууда башка талапкерлерге салыштырмалуу кошумча сыноолорду белгилөөсү;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды мөөнөттөн ашык ишке, түнкү убакытта жана дем алыш күндөрү ишке алардын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз тартуусу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамга жеке реабилитациялоо программасына ылайык келген жумуш ордун түзүп берүүдөн баш тартуусу;
- башка кызматкерлерге салыштырмалуу эмгек акысын негизсиз азайтуусу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген иштеген адамды жазуу жүзүндөгү макулдугусуз иш сапарга жөнөтүү;
- МСЭК корутундусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдын саламаттыгынын абалы кесиптик милдеттерин аткарууга тоскоол болгон же болбосо саламаттыгына жана эмгек коопсуздугуна коркунуч келтирген учурларды кошпогондо, анын макулдусуз жана майыптыгынын жүйөсү боюнча башка жумушка которуусу;
- ушул уюмда кырсыктын же кесиптик оорунун кесепетинен майыптыкты алган кызматкер үчүн жумуш ордун бөлүп берүүдөн же түзүүдөн баш тартуусу, -
иш берүүчүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, -
иш берүүчүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.";
глава төмөнкүдөй мазмундагы 79-1-статья менен толукталсын:
"79-1-статья. Иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды белгиленген квоталардын эсебинен ишке орноштуруудан баш тартуусу
Иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды белгиленген квоталардын эсебинен ишке орноштуруудан баш тартуусу, -
иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, -
иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматтын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө алып келет.".
2. 10-главада:
85-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"Кызмат адамдарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоону регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды бузуусу, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет кайталанып жасалса, -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө алып келет.";
глава төмөнкүдөй мазмундагы 85-2-статья менен толукталсын:
"85-2-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеке реабилитациялоо программаларын иштеп чыгуудан баш тартуусу
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеке реабилитациялоо программаларын иштеп чыгуудан баш тартуусу, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосун администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, -
ээлеген кызмат ордунан четтетүү түрүндө администрациялык жаза-чарасын салууга алып келет.".
3. 20-главада:
глава төмөнкүдөй мазмундагы 212-1-статья менен толукталсын:
"212-1-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын темир жол транспортуна жетүүгө жана пайдаланууга укуктарын бузуу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын темир жол транспортуна жетүүгө жана пайдаланууга укуктарын бузуу, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин айып түрүндө, кызмат адамдарына - ээлеген кызмат ордунан четтетүү түрүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө айып түрүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
глава төмөнкүдөй мазмундагы 213-10-статья менен толукталсын:
"213-10-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ташуу жана автовокзалдарга, автостанцияларга жана автокассаларга жетүү эрежелерин бузуу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ташуу жана автовокзалдарга, автостанцияларга жана автокассаларга жетүү эрежелерин бузуу, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
глава төмөнкүдөй мазмундагы 252-1-статья менен толукталсын:
"252-1-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ташуу эрежелерин бузуу, ошого тете алардын аба транспортунан пайдалануу укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылуу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды ташуу эрежелерин бузуу, ошого тете алардын аба транспортунан пайдалануу укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылуу, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
4. 33-главада:
глава төмөнкүдөй мазмундагы 470 жана 470-1-статьялар менен толукталсын;
"470-статья. Коомдук, администрациялык-турмуш тиричилик, өнөр-жайлык, өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууда, реконструкциялоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк жөнүндө талаптарды сактабоо
Коомдук, администрациялык-турмуш тиричилик, өнөр-жайлык, өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууда, реконструкциялоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк жөнүндө талаптарды сактабоо, -
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга жол берилген бузууну четтетүү менен - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, -
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө жана ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө, юридикалык жактарга - жол берилген бузууну четтетүү менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып алып келет.
470-1-статья. Көп квартиралуу турак үйлөрдү курууда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талаптарын сактабоо
Көп квартиралуу турак үйлөрдү курууда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талаптарын сактабоо, -
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - жол берилген бузууну четтетүү менен эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде жасалса, -
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө жана ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө, юридикалык жактарга - жол берилген бузууну четтетүү менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып алып келет.";
глава төмөнкүдөй мазмундагы 475-1-статья менен толукталсын:
"475-1-статья. Бүткөрүлгөн курулуш объекттеринин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талаптарына ылайыктуулугун баалоонун эрежелерин бузуу
Бүткөрүлгөн курулуш объекттеринин жана кыймылсыз объекттердин өзгөрүүлөрүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талаптарына ылайыктуулугун баалоонун тартибин бузуу, ал эми ошого тете ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн белгиленген жеткиликтүүлүк талаптарына ылайык келбеген объекттерге оң баа берүү, -
кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан четтетүү менен кызмат адамдарына -эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Курулуш объектинин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө так эмес кабарландыруу (билдирүү) берүү, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга жол берилген бузууну четтетүү менен - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
5. 508-статьянын 1-бөлүгү "79", 85-1" жана "213-5-статьянын экинчи бөлүгү," деген цифралардан жана сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "79-1", "85-2," деген цифралар жана "213-10-статьясында," деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.
6. 511-статьянын үчүнчү абзацы "212," деген цифралардан кийин "212-1," деген цифралар менен толукталсын.
7. 514-статьянын 1-бөлүгү "85-1," деген цифралардан кийин "85-2," деген цифралар менен толукталсын.
8. 516-статьянын 1-бөлүгү "213-8," деген цифралардан кийин "213-10," деген цифралар менен толукталсын.
9. 517-статьянын 1-бөлүгү "212," деген цифралардан кийин "212-1," деген цифралар менен толукталсын.
10. 518-статьянын 1-бөлүгү "252," деген цифралардан кийин "252-1," деген цифралар менен толукталсын.
11. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында:
сегизинчи абзацы "79," деген цифралардан кийин "79-1," деген цифралар менен толукталсын;
он биринчи абзацы "85-1," деген цифралардан кийин "85-2," деген цифралар менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |