КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 14-июлу № 159
2013-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын тобокелдигин төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2013-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын тобокелдигин төмөндөтүү боюнча борбор түзүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун депозитарийине анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 17-июлунда № 65 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |