Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 14-июлу № 160

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

77-статьяда:

экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш беш, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз сексен, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза чара колдонулгандан кийин кайталанып жасалса, -

ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаттан ажыратууга алып келет.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 17-июлунда № 65 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев