Редакцияот 20.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 20-июлу № 169

2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салуудан качуу жана салык салуудан четтөөнү болтурбоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга карата Протоколду ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салуудан качуу жана салык салуудан четтөөнү болтурбоо жөнүндө макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга карата Протокол ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун жана Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө эмират тарапка кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 24-июлунда № 67 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев