Редакцияот 20.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 20-июлу № 176

2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу

1-берене.

2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга кошулсун.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Евразия экономикалык комиссиясына депонирлесин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып, бирок 2016-жылдын 1-январынан эрте эмес күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев