Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 20-июлу № 181
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 8-статьянын 3-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айыл чарба багытындагы жерлерди жана калктуу конуштардын жерлерин кошпогондо, жерлерди берүү үчүн ижара акысынын эң жогорку өлчөмү жер салыгынын эки ставкасынан ашпоого тийиш.".
2. 62-статья төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) жер участогунун ижара келишими бузулганда.".
3. 66-статьянын 2-пунктунда "же жерди пайдалануучуга" деген сөздөр алып салынсын.
4. 77-статьянын 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 78-статьяда:
2-пункт "Өзгөчө учурларда" деген сөздөрдөн мурда "Ушул статьянын 4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
3-пункт "жерлерге" деген сөздөн кийин "ушул статьянын 4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Жалпы пайдалануудагы жерлерде калктын маданий-тиричилик муктаждыгын камсыз кылуу жана канааттандыруу үчүн калкты социалдык-тиричилик тейлөө объекттери менен жер алдындагы капиталдык курулмаларды (автомобиль транспортунун токтоочу жайларын, парковкаларды, тоннелдерди, өткөөлдөрдү), ошондой эле жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайларды, спорттук, концерттик жана балдар аянтчаларын уюштурууга, долбоорлоого жана курууга жол берилет. Жогоруда көрсөтүлгөн объекттерди курууда токой парктарынын, бульварлардын жана скверлердин аянттарын кыскартуунун чектери жергиликтүү кеңештердин чечимдери менен белгиленет.".
2-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту)
3-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 20-июлу № 181
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 89 , 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)