Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 21-июлу № 182

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 346-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 349-статьяда:

биринчи абзацында "жана" деген сөз "жана/же" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

3. 350-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

4. 350-1-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

5. 350-2-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

6. 350-3-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

7. 351-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"351-статья. Бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле башка салыктык отчетторду, эсептешүүлөрдү мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөө

Бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле башка салыктык отчетторду, эсептешүүлөрдү жана салык салуу менен байланышкан башка документтерди мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөө -

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

8. 26-глава төмөнкүдөй мазмундагы 351-1-статья менен толукталсын:

"351-1-статья. Салыктарды мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө төлөбөө

Салыктарды мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө төлөбөө -

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев