Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 21-июлу № 186
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 65-1-статья менен толукталсын:
"65-1-статья. Балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу жана алардын өнүгүүсү боюнча чараларды камсыз кылууга карата талаптарды сактабоо
Балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу, алардын дене-бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-аклактык өнүгүүсү боюнча чараларды камсыз кылууга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген талаптарды сактабоо, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үчтөн бешке чейинки, кызмат адамдарына - бештен онго чейинки, юридикалык жактарга - жүздөн жүз элүүгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.
Ошол эле жосун жыл ичинде кайталанып жасалганда, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен онго чейинки, кызмат адамдарына - ондон он бешке чейинки, юридикалык жактарга - жүз элүүдөн эки жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 506-статьянын 3-пунктунда "жашы жетпегендердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 510-статьяда:
аталышында жана текстинде "жашы жетпегендердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
статья "65," деген цифралардан кийин "65-1," деген цифралар менен толукталсын.
4. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын алтынчы абзацы "65," деген цифралардан кийин "65-1," деген цифралар менен толукталсын.
5. 584-статьянын 6-бөлүгүндө "жашы жете электердин" деген сөздөр "балдардын" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |