Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 24-июлу № 189
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
5-статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-1 жана 9-2-пункттар менен толукталсын:
"9-1) Евразия экономикалык бирлигинин (ЭЕЭБ) алкагындагы башка мамлекеттер менен биргелешип Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдар менен чет өлкөлүк валютаны кайра сатуу милдеттенмеси менен Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген финансылоого алар тарабынан жиберүүчү каражаттар боюнча аны сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга;
9-2) Евразия экономикалык бирлигинин (ЭЕЭБ) алкагындагы башка мамлекеттер менен биргелешип Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдарга чет өлкөлүк валютанын камсыздоосу алдында акы төлөө, мөөнөттүүлүк жана кайтарып берүү шарттарында алар тарабынан Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген финансылоону жүзөгө ашыруучу долбоорлору жана программалары боюнча улуттук валютадагы акча каражаттарын берүүгө;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |