Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 24-июлу № 190
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 8, 179-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясына жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына ылайык белгиленген жана эсептелген пенсияларга кошумча төлөө ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин көрсөтүлгөн кошумча төлөөлөрдү алуучу адамдар үчүн сакталат жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ошол эле көлөмдөрдө төлөнөт.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |