Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 24-июлу № 195
Салыктар жана бажы төлөмдөрү боюнча кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө
Салык төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу жана колдоо, салык карыздарын жана бажы төлөмдөрү боюнча бюджет алдындагы карыздарды алда канча толук төлөөгө түрткү берүү Ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат. Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар боюнча карыздарды, салыктар жана бажы төлөмдөрү жаатындагы салык санкциялары боюнча карыздарды кайра түзүмдөштүрүү бул максатты ишке ашыруунун жолу катары эсептелет.
1-берене. Жалпы жоболор
1. Салык органдарында салык төлөөчү катары катталган юридикалык жана жеке жактардын салыктык карызы жана бажы төлөмдөрү боюнча карызы ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда кайра түзүмдөштүрүүгө жатат.
2. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
салык карызын жана бажы төлөмдөрү боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү - салыктар жана бажы төлөмдөрү боюнча кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары боюнча карызды толук же бир аздап эсептен чыгаруу;
пайыздар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык, салыктар жана бажы төлөмдөрү боюнча карыздарды белгиленген мөөнөттө өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген суммалар;
туум - салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык төлөөгө милдеттүү болгон салыктарды, бажы төлөмдөрүн төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген акчалай сумма;
салык санкциялары - салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салынуучу санкциялар;
учурдагы салык жана бажы төлөмдөрү - ушул Мыйзам күчүнө кирген датадан тартып тогуз айдын ичинде келип чыккан таанылган салыктар, бажы төлөмдөрү, туумдар жана салык санкциялары боюнча милдеттенмелер.
2-берене. Салык карызын жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүүнүн тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган айдын биринчи күнүнө карата алгандагы абал боюнча тастыкталган салыктардын жана бажы төлөмдөрүнүн негизги суммалары боюнча карыздарын, ошондой эле учурдагы салык жана бажы төлөмдөрү боюнча карыздарын төлөгөн салык төлөөчүгө карата пайыздар, туумдар жана салык санкциялары төмөнкүдөй тартипте эсептен чыгарылат:
1) ушул Мыйзам күчүнө кирген датадан тартып үч айлык мезгилден кийинки айдын биринчи күнүнө карата - 100 пайызга;
2) ушул Мыйзам күчүнө кирген датадан тартып алты айлык мезгилден кийинки айдын биринчи күнүнө карата - 80 пайызга;
3) ушул Мыйзам күчүнө кирген датадан тартып тогуз айлык мезгилден кийинки айдын биринчи күнүнө карата - 50 пайызга.
2. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган айдын биринчи күнүнө карата алгандагы абал боюнча салыктардын жана бажы төлөмдөрүнүн негизги суммалары, учурдагы салык жана бажы төлөмдөрү боюнча карызы болбогон салык төлөөчүнүн пайыздарынын, туумдарынын жана салык санкцияларынын суммалары ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда аныкталган тартипте эсептен чыгарылат.
3. Салык төлөөчү кайра түзүмдөштүрүү жүргүзүлгөндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык карыздын калган бөлүгүнүн төлөө мөөнөтүн узартууга укуктуу.
4. Кайра түзүмдөштүрүлүүчү карызды төлөөнүн датасы болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) салыктардын негизги суммалары боюнча - салыктын тиешелүү суммасын которууга төлөм тапшырмасын банкка тапшырган күн жана/же салыктын тиешелүү суммасына чегерүү үчүн накталай акча каражаттарын банкка же салык кызматынын органына төлөгөн күн.
2) бажы төлөмдөрү боюнча - төлөөчүнүн банктагы эсебинен акча каражаттары эсептен чыгарылган жана/же бажы органдарынын эсебине накталай акча каражаттары төлөнгөн дата.
5. Ашыкча төлөнгөн салыктын же бажы төлөмүнүн суммасы салык төлөөчүнүн карызы боюнча төмөнкүдөй тартипте пайдаланылат: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин жана салыктардын, бажы төлөмдөрүнүн коюмдарын жана аларды администрациялоону жөнгө салуучу башка мыйзам актыларынын талаптарына ылайык, адегенде айрым салыктар, бажы төлөмдөрү боюнча карыз, андан кийин ушул салык же бажы төлөмү боюнча кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары боюнча карыз төлөнөт.
6. Кайра түзүмдөштүрүлүүчү салык карызын төлөө максатында, кошумча нарк салыгы боюнча ашкан сумма ашыкча төлөнгөн салыктын суммасына киргизилбейт.
7. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин салыктар жана бажы төлөмдөрү боюнча кошуп эсептелген пайыздар, туумдар жана салык санкциялары боюнча карызды өндүрүп алуу жөнүндө сот актылары күчүнө кирген учурда бул суммалар эсептен чыгарылууга жатпайт.
Ыйгарым укуктуу салык органынын, анын аймактык жана/же функционалдык бөлүмүнүн же бажы органынын пайдасына чыгарылган сот актысы жокко чыгарылган учурда жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо тартибинде (ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин) салыктар жана бажы төлөмдөрү боюнча кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары сот актысын жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу боюнча соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө эсептен чыгарылууга жатат.
3-берене. Ушул Мыйзамдын күчү жайылтылбаган укуктук мамилелер
Ушул Мыйзамдын колдонулушу Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифи боюнча эсептелүүчү кирүү бажы алымдарын төлөө боюнча милдеттенмелерге жайылтылбайт.
4-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана ал күчүнө кирген датадан тартып он айлык мезгилден кийинки айдын биринчи күнүнө чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |