КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 27-июлу № 197
2015-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө россия тарапка жазуу жүзүндө кабарлама жиберсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |