Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 28-июлу № 204
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 9-беренеде:
1-бөлүгүндө:
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Жогорку Кеңештин Регламентинде аныкталган тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын жана башка органдардын курамына кирүүгө;";
6-пунктунда "депутаттык" деген сөз "парламенттик" деген сөзгө алмаштырылсын;
8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) фракцияга биригүүгө.";
2-бөлүгүндө:
2-пунктунда "депутаттык топтордо," деген сөздөр алып салынсын;
3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) ички фракциялык тартипти сактоого;".
2. 10-берененин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) парламенттик фракциянын тапшырмасы боюнча күн тартибиндеги маселелер боюнча өзгөчө ой-пикиринин текстин төрагалык кылуучуга берүүгө;".
3. 14-беренеде:
берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "14-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын парламенттик фракцияларга мүчөлүгү";
1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жогорку Кеңештин депутаты саясий партиянын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешке шайланган депутаттардан түзүлгөн парламенттик фракциянын курамына кирет.
2. Жогорку Кеңештин депутаты бир гана парламенттик фракциянын мүчөсү болуп саналат.";
3-бөлүгүндө:
бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы ", депутаттык топтун" деген сөздөр алып салынсын;
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) фракциянын жыйналышынын күн тартиби боюнча сунуштарды киргизүүгө;";
4-бөлүгүндө:
", депутаттык топтогу" деген сөздөр алып салынсын;
"жоболордо" деген сөз "Жободо" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 16-берененин 3-бөлүгүндө ", парламенттик фракциянын же депутаттык топтун" деген сөздөр "же парламенттик фракциянын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 20-берененин 1-бөлүгүндө ", депутаттык топтордун" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |