Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 30-июлу № 206
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
6-пункттун экинчи абзацы 7-пункт деп эсептелсин;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган имараттарды, курулмаларды, жер участокторун жана социалдык багыттагы башка объекттерди (билим берүү мекемелери, ооруканалар, балдардын мектепке чейинки билим берүү мекемелери) мыйзамсыз менчиктештирүү жөнүндө, ошондой эле аларды кайтарып алуу же мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланыштуу чыгымдардын ордун республикалык же жергиликтүү бюджеттин пайдасына толтуруу жөнүндө талаптарга.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 11-августунда № 74 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |