Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 30-июлу № 207
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) салыктык контролдоону жүзөгө ашырууда салык төлөөчүдөн ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле ушул Кодекстин 53 жана 54-главаларында каралган салыктарды төлөө боюнча документтерди берүүнү талап кылууга;
2) банк мекемелери жок болгон Кыргыз Республикасынын алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштарында салык төлөөчүлөрдөн ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды төлөө эсебине накталай акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте кабыл алууга.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары ушул берененин 4-бөлүгү менен белгиленген берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 348-статьянын аталышы жана биринчи абзацы "кызматынын" деген сөздөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 534-1-статьяда "350" деген цифралар "348, 350, 353" деген цифралар менен алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |