Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 4-августу № 216
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке идентификациялык номер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга бир жолу ыйгарылуучу жана күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, бул адамдарда өмүр бою өзгөрүүсүз сакталуучу жеке номер.".
2. 2-1-статьяда "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 6-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ар бир камсыздандырылган адамга Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган жеке идентификациялык номери менен жекече камсыздандыруу эсебин ачат.".
4. 7-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Социалдык жактан коргоонун жаңы күбөлүгүн берүү жеке идентификациялык номерин өзгөртпөстөн жүргүзүлөт.";
жетинчи абзацында "жаңы күбөлүк" деген сөздөр "көрсөтүлгөн күбөлүктүн дубликатын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |