Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 7-августу № 223
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө
1-берене.
Ушул Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык-экономикалык абалын колдоого жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө өбөлгө болууга багытталган.
2-берене.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүүдө эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөөнүн натыйжасында 2015-жылдын 1-январына чейин түзүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздары толук көлөмдө эсептен чыгарылат.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин камсыздандыруу төгүмдөрү, каржылык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пайдасына өндүрүү боюнча соттук акты күчүнө кирген учурда камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздар эсептен чыгарылууга жатпайт.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |