Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 13-августу № 225
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги N 87, 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 3-беренеде:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"табигый монополия - товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) аныкталган түрүнө суроо-талаптарды канааттандыруу үчүн атаандашуу шарттарын түзүү мүмкүн болбогон же өндүрүштүн технологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ушул түрүн өндүрүүгө байланыштуу экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгон товардын (иштердин кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунун абалы;";
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"табигый монополиялардын чөйрөсү - ушул Мыйзам менен табигый монополияга киргизилген товарды (иштер, кызмат көрсөтүүлөрдү) жүгүртүү чөйрөсү, мында керектөөчү табигый монополиялардын субъекттеринин товарын (иштерин кызмат көрсөтүүлөрүн) сатып ала алат;";
берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи абзац менен толукталсын:
"киреше - катышуучулардын салымдарын кошпогондо, активдердин (акчалай каражаттардын, башка мүлктүн) агымы, өсүшү же табигый монополиянын субъектинин өздүк капиталынын көбөйүшүнө алып келген милдеттенмелердин азайышы.".
2. 4-берененин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногуна жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүктөрүнө карата, анын ичинде табигый монополиялар чөйрөсүнө тийиштүү кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жолу менен тоскоолдуктарды солгундатуу;".
3. 18-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Табигый монополиялардын субъекттери ушул Мыйзамды бузуунун натыйжасында мыйзамсыз алынган кирешени республикалык бюджетке которуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү талапты аткарбаса, ыйгарым укуктуу орган бул кирешени өндүрүү жөнүндө сотко доо арыз менен кайрылууга укуктуу.".
2-берене.
(КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги N 87 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |