Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

2026-жылдын 23-июнундагы № 93

Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2015-жылдын 18-декабры № 227

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана "Эмгек акыны, пенсияларды,

пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1-берене

 

(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

2-берене

 

"Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 90-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 

5-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

 

"Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн үстөктүн жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 процентинен ашуусу мүмкүн эмес. Үстөктүн эң жогорку суммасынын ушул чектөөсү мамлекеттик башкаруу органдары, ишканалар жана жумуш берүүчүлөр тарабынан эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөп берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен учурдан тарта мезгилге карата жана кызматкер тарабынан жумуш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу жазуу жүзүндө талап койгонго чейин гана колдонулат. Кызматкер мамлекеттик башкаруу органдарына, ишканаларга жана жумуш берүүчүлөргө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу талап койгондон кийин үстөктүн эң жогорку суммасынын чектөөсү колдонулбайт жана ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн үстөк иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет.".

 

3-берене

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Ш. Атамбаев