Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 30-декабры № 230
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
преамбуланын 2-бөлүгүндө "ветеринардык жана фитосанитардык кызмат көрсөтүүлөргө (продукцияга, анын ичинде дары-дармек каражаттарына, ветеринардык препараттарга, пестициддерге, агрохимикаттарга, медициналык техникага, тамак-аш продукцияларына карата милдеттүү талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткаруу учурларын кошпогондо)" деген сөздөр "ветеринардык жана фитосанитардык кызмат көрсөтүүлөргө; дары-дармек каражаттарына (продукцияга, анын ичинде ветеринардык препараттарга, пестициддерге, агрохимикаттарга, медициналык багыттагы буюмдарга, тамак-аш продукцияларына карата милдеттүү талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткаруу учурларын кошпогондо)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |