Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 5-январы № 1
2015-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоору) ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Айыл инвестицияларынын үчүнчү долбоору) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |