Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 5-январы № 2
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
5-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фондун кошпогондо, бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө карата талаптар ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын фонду боюнча бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен аныкталат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |