Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 20-январы № 5
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"ЧАКАН ЭЛЕКТР ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ӨНДҮРҮШТҮК КУБАТТУУЛУКТАР - 1 МВтдан 30 МВтга чейинки кубаттуулуктагы гидроэлектростанциялар, жылуулук электр станциялар;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |