КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 23-январы № 10
2006-жылдын 28-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2006-жылдын 28-ноябрында Минск шаарында кол коюлган Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларын коргоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |