Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 26-январы № 12
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-11-бөлүктөр менен толукталсын:
"9. Импорттоочунун түздөн-түз өзү тарабынан кайра иштетүү үчүн арналган эгинди импорттоо (товардык позициясы 1001 ТН ТЭИ) КНС төлөөдөн бошотулат.
10. Ушул берененин 9-бөлүгүнө ылайык бошотулган эгинден импорттоочунун түздөн-түз өзү тарабынан өндүрүлгөн унду берүүлөр КНСтен бошотулган берүүлөр болуп саналат.
11. Ушул берененин 9 жана 10-бөлүктөрү 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |