Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 27-январы № 13
2013-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2013-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Япония Эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |