Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 30-январы № 15
2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугуна коркунучтарга тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун адистеринин (эксперттеринин) биргелешкен топторун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугуна коркунучтарга тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун адистеринин (эксперттеринин) биргелешкен топторун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |