Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 16-февралы № 16
"Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 1-статьяда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"табигый дарылык ресурстар - ооруларды дарылоо жана оорулардын алдын алуу жана эс алууну уюштуруу үчүн пайдаланылуучу минералдык суулар, дарылоо баткактары, лимандардын жана көлдөрдүн рапасы, дарылоо климаты, башка жаратылыш объекттери жана шарттар;";
бешинчи абзацында "республикалык" деген сөз алып салынсын;
алтынчы абзацында "жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
онунчу абзацында "акционердик, жамааттык, жеке же башка менчиктин карамагында" деген сөздөр "муниципалдык, жеке жана менчиктин башка формасында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-статьяда:
1-бөлүгүндө "ага ылайык кабыл алынуучу мыйзамдарынан жана" деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүгүндө "табигый дарылык жөнүндө" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүндө "мыйзамда" деген сөз "ушул Мыйзамда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Аймакты дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жер, курорт деп таануу
Дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор республикалык же жергиликтүү мааниге ээ болушу мүмкүн.
Аймакты дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жер же курорт деп таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жердин же болбосо курорттун иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.";
5) II главанын аталышында "жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын" деген сөздөр "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
курорттук иш жана эс алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашырат;
табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди жана курортторду пайдалануунун ченемдерин жана эрежелерин белгилейт;
курортторду санитардык (тоо-санитардык) коргоо округдарынын чек араларын жана режимин белгилейт;
курортторду жана курорттук региондорду (райондорду), табигый дарылык ресурстардын чалгындалган запастарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын ишке ашырат жана аларды координациялоо тартибин аныктайт;
табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди, курортторду жана курорттук региондорду (райондорду) изилдөө, өнүктүрүү жана пайдалануу, сервисти жана эс алуу индустриясын өнүктүрүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
Кыргыз Республикасынын курорттук фондунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин аныктайт;
табигый дарылык ресурстардын, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлердин, курорттордун жана алардын жерлеринин сарамжалдуу пайдаланылышына, коргоого жана санитардык (тоо-санитардык) коргоону камсыз кылууга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт;
Кыргыз Республикасынын курорттук фондун кеңейтүү жана аны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле курорттук дарылоо чөйрөсүндө кадрларды даярдоо максаттарында илимий изилдөөлөрдү уюштуруу тартибин аныктайт.";
7) 5-статьянын аталышында жана 1-бөлүгүндө "Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын" деген сөздөр "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 6-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 7-статьянын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
10) 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Табигый дарылык ресурстарды иштеп чыгуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.";
11) 10-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 12-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
13) 13-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди, ошондой эле курортторду жана алардын жерлерин коргоо санитардык (тоо-санитардык) коргоо округдарын белгилөө аркылуу жүзөгө ашырылат.";
9-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 16-статьяда "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана анын ыйгарым укуктуу прокурорлору" деген сөздөр "прокуратура органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 17-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |