Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 24-февралы № 17
2011-жылдын 28-мартында Москва шаарында кол коюлган Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн жана Бишкек шаарында Россия илим жана маданият борборун уюштуруу жана алардын ишинин шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2011-жылдын 28-мартында Москва шаарында кол коюлган Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн жана Бишкек шаарында Россия илим жана маданият борборун уюштуруу жана алардын ишинин шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россиялык тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |